Бүгүн, 31-май Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, экс-депутат Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылып, коррупция беренесине шектелип 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы тастыктайт.
«Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги тарабынан, «Кумтор» кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактылар туралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.
Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) фактысы боюнча кылмышка шектүү делип мурдагы премьер министр Ө.Бабанов кармалды»- деп жазылат.
Белгилей кетсек, 24-мартта экс-премьер-министр, КР экс-президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго карата сотко чейинки өндүрүш токтотулган.
Ал мамлекеттик бюджетке 100 миллион сом котормок болуп келишим түзүлгөнү айтылган.