Москвада дарыланган Өмүрбек Бабанов 5 -сентябрда Кыргызстанга кайтып келди. Ал учак менен эмес, унаа менен келгени айтылууда.
Августтун аягында жасалган операциядан кийин дарыгерлер Өмүрбек Бабановго учак менен белгилүү убакытка чейин учууга тыюу салышкан, ошондуктан экс-премьер унаа менен келген.
Азырынча Өмүрбек Бабанов да, жакын санаалаштары да анын мекенине кайтып келгендиги жана жакынкы пландары тууралуу комментарий берише элек. Ал учурда Бишкектеги үйүндө ден соолугуна кам көрүп жаткан учуру.
Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 27 -июлда ден соолугуна байланыштуу УКМКнын абагынан бошотулган жана чет өлкөдөн дарылануу үчүн 10 -августта өлкөдөн чыгып кеткен. Бабанов 31-майда Кумтөр долбоорун ишке ашыруу учурунда коррупцияга шектелип кармалган. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилген.