Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов саясатка кайтпай турганын социалдык тармактагы баракчасына билдирди.
Ал бул сөздү Таластагы айыл өкмөтүнүн курулушун каржылаган соң талкуу жаралгандан кийин жарыялоону туура көргөн.
«Мени мамлекеттик кызматка кайра келет деен ушак-айыңдар чыгып, талкуу жаратып жибериптир. Дагы бир жолу ачык жана түз айткым келет: мен саясаттагы карьерамды токтотком, ал өткөн чак. Саясат мен үчүн элге жардам берүү мүмкүнчүлүгү болгон… Өзүмдү толугу менен бизнеске, кайрымдуулукка арнадым. Бул аркылуу адамдарга жардам берип келгем жана улантам. Андыктан менин эч бир ишимди саясат менен байланыштырбооңуздарды суранам»,- деген Бабанов.