16-ноябрда саат 18:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Людвиг Минкустун белгилүү «Дон Кихот» балети көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Кыргыз опера жана балет театрынын репертуарындагы эң популярдуу чыгармалардын бири болгон бул спектакль бул жолу жаңы, өзгөчө өң-түс жана көрк менен тартууланат.
“Алдыңкы гастролдор алдында — Испания Падышалыгынын шаарларында өтө турган турнеге байланыштуу — балет труппасы үчүн кыска мөөнөт ичинде жаңы, жаркыраган, феериялуу костюмдар даярдалды. Театрдын тигүүчүлүк цехинин жогорку кесипкөйлүк менен иштеген жетекчиси Ирина Валиахметованын жана анын командасынын мыкты эмгегин бул кечте бишкектик көрөрмандар баалай алышат. Людвиг Минкус — XIX кылымдагы эң белгилүү балет композиторлорунун бири. Анын музыкасы бийге ылайыктуу, обондуу, сахналык көрккө жана кыймылга бай. Композитор узак жылдар бою Россияда жашап, 1877-жылы «Дон Кихот» балетин жараткан. Анын премьерасы ошол эле жылы Москвадагы Улуу театрдын (Большой театр) сахнасында өткөн”, — деп жазылат маалыматта.
«Печальный образдын рыцары» аталган Дон Кихоттун колдоосу менен арзышан эки жаш — Китри жана цирюльник Базиль бири-бирине жетишет. Ушул жөнөкөй, бирок терең маанилүү сюжет либреттосунун негизин түзөт.
Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында бул спектаклди эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Уран Сарбагышев койгон.



