7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маданият кызматкерлери 64 миң сомго чейин айлык акы ала баштады

829

Маданият кызматкерлери буга чейин 35 миңден айлык алып келсе, эми 64 миң сом ала баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Президент тарабынан кол коюулган жарлыкка ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы 1-августтан тарта жогорулады.

Тийиштүү жарлыктын максаты мамлекеттик кызматтагыларга стимул берүү жана иштин сапатын арттырууга быгат алып, жогорку квалификациялуу адистерди тартууга жана коррупция коркунучун төмөндөтүүнү көздөөдө.

Мындан улам, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги айлык акы канчага көбөйгөнүн мисал менен көрсөтүп берет.

Министрликтин башкармалыгынын башчысы социалдык төлөмдөр менен салыктарды эске алганда 35 320 сом алып келсе, эми 64 070 сом ала баштайт. Өсүш орто эсеп менен алганда 181,4 пайызды түзөт.

Министрликтердеги башкы адистердин айлыгы буга чейин 26 005 сом болсо, эми 55 520 сомду түзөт. Өсүш 213,5 пайызды түзөт, ал эми, жөнөкөй адистер буга чейин 15 605 сом алып келсе, эми 42 969 сом алып баштады. Өсүш 275,3 пайызды түздү.

Министрликке караштуу Департаменттердин бөлүм башчысы 44 980,5 сом алып келсе, эми 60 639,2 сом ала баштайт. Өсүш 134,8 пайызды түзөт. Жетектөөчү адис 16 905 сом алып келсе, эми айлыгы 37 157 сомду түзөт. Өсүш 219,8 пайыз.

Министрликтин аймактык бөлүмдүн бөлүм башчысы 20550 сом алып келсе, эми 50540 сом ала баштайт. Өсүш 245,9 пайыз. Аймактык бөлүмдүн башкы адиси 19 403 сом алып келсе, эми 40 208 сом ала баштайт. Өсүш 207,2 пайызды түздү.

Учурда кызматкерлер көбөйтүлгөн айлыктарды алып баштады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

830