7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маданият кызматкерлери эмгек өргүүдөгү айлыктарын албай жатышат деген маалымат чындыкка дал келбейт

561

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кундузбек Сулайманов тарабынан айтылган “Маданият кызматкерлери эмгек өргүүдөгү айлыктарын ала албай жатышат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги төмөндөгүлөрдү маалымдайт.

КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан маданият мекемелеринин өтүнмөлөрүнө ылайык ай сайын акча каражаттар өз убагында ачылган. Мыйзам тарабынан корголгон тиешелүү беренелер (эмгек акы, эмгек өргүү, коммуналдык чыгымдар) биринчи кезекте кечиктрилгис болуп каржыланат. Андыктан, эмгек акы жана эмгек өргүүгө чыкканда берилүүчү каражаттар берилбей атат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Ошондой эле, Министрликке караган облустардагы медиа борборлор КРнын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына өтүп жаткандыгына байланыштуу алар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өтүп жатат. Тиешелүү юридикалык документтер таризделген соң, январь айындагы каржылоо ачылат. Акча бүгүнкү күндө даяр жана ал Министрдин көзөмөлүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

562