7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тууралуу фактылар

482

2022-жылдын 20-ноябрында Казакстандын учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаевдин сунушу менен Казакстанда кезексиз шайлоо өттү. Ал саясий карьерасын 1970-жылдардын ортосунан баштап 2019-жылдын мартынан бери Казакстан мамлекетин жетектеп келет. Президент бир нече чет тилдерди билет, китеп жазат жана стол теннисин ойнойт. Касым-Жомарт Токаев тууралуу ушул жана башка кызыктуу фактыларды топтодук .

1) Касым-Жомарт Токаев 1953-жылы 17-майда Алматыда жарык дүйнөгө келген.

2) Атасы белгилүү жазуучу Кемел Токаев, белгилүү журналист, редактор жана жазуучу болгон. Атасынын тагдыры оор болуп , жетим өскөн. Согушка катышкан. Кемел Токаев согуш маалында майып болуп калган, бирок андан кийин филология факультетине тапшырууну чечип, журналисттик кесипти аркалап, ошол эле учурда китеп жазган. Атак-даңк жана таанылуу жазуучуга дароо эле келген эмес. Ал эми апасы педагогикалык чет тилдер институтунун мугалими Турар Шабарбаева. Президенттин ата-энеси баласынын кадыр-барктуу инсан болушун кыялданган.
3) Мамлекет башчысы туулган күнүн белгилөөнү жактырбайт — Токаевдин үй-бүлөсү бул күндү майрамдабайт.
4) Казакстандын президентинин ысымы кош ысым. Бул тууралуу ал “Атанын сөзү” китебинде жазган. Анын агасынын урматына Касым деген ысымды алса, апасы Жомарт деген ысымды койгон.
5) Касым-Жомарт Токаев Ильяс Эсенберлин атындагы лингвистикалык №25 гимназия мектепте окуган, анда француз тилин үйрөнүүгө басым жасалган. 1975-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун аяктаган.Диплом алганга чейин Кытайда Советтер Союзунун элчилигинде билим алган. 1983-1984-жылдары Пекиндеги Кытай тил институтунда стажировкадан өткөн.
6) 1992-жылы Токаев Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында окуусун аяктаган.
7) Болочок саясатчы чет тилдерин үйрөнүүгө болгон сүйүүсү апасынан өткөн. Касым-Жомарт Токаев полиглот, казак, орус, англис, кытай жана француз тилдерин билет.
8) Президент көркөм адабиятты, саясатты жана мемуарларды окуганды жакшы көрөт. Ошондой эле, ал жаңылыктарды үзгүлтүксүз окуп, текшерип турган адаты бар.
9) Токаев сергек жашоонун жактоочусу. Ал 13 жыл Казакстандын стол тенниси федерациясын жетектеген. Стол тенниси анын жакшы көргөн спорттун түрү.
10) Казакстанда январ айында болгон окуядан кийин ал Казакстан трансформацияланганын жарыялаган. Башкаруунун супер-президенттик формасынан баш тартып, өлкөнүн парламентине көбүрөөк ыйгарым укуктарды берүүнү туура көргөн.
11) Ошондой эле, Токаев президент болгондон соң, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин көптөгөн туугандары кызматтардан алынышкан.
12) Касым-Жомарт Токаев алты китептин жана чет өлкөлөрдө жарык көргөн эл аралык мамилелер боюнча көптөгөн макалалардын автору.
13) Казакстандын президенти чыр-чатактарда, коррупциялык иштерде катышкандыгы тууралуу эч кандай далилдер болгон эмес.

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

483