Жалал-Абадда ден соолукка оор залал келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга облустук оорукананын дарыгери телефон чалып, анда Сузак районунун тургуну 1993-жылы туулган М.А. башынан оор жараат алып, өзүн билбеген оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгын билдирген.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүнүн тургуну 1979-жылы туулган Ж.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тилекке каршы жабырлануучу денесинен алган жарааттан улам 30-январь күнү каза болуп калган.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.