Кайрат Иманалиев Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдурахман Аль-Жума менен жолукту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдурахман Аль-Жуманын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушуусу болду.
Жолгушууда Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Маданият министрлиги менен болгон кызматташуусу жемиштүү жана ийгиктүү болгондугу айтылып, министр Кайрат Иманалиев Элчи Абдурахман Аль-Жумага ыраазычылык билдирип мындан аркы ишине ийгиктерди каалады. Ошондой эле, министр эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз кызматташтык биринчи кезекте элчи менен маданий алакадан башталаарын белгилеп, акыркы жылдар аралыгында жасалган иштер тууралуу белгилеп өттү.
Ал эми Элчи Абдурахман Аль-Жума Элчилик тарабынан мындай маданий алака дагы да болсо уланаарын, ошондой эле спорт жана жаштар иштери боюнча бир катар жасай турган иштер пландалганын кошумчалады.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар биргелешкен жемиштүү иши жана анын демилгелерине ар тараптуу жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдиришти.