7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маданиятка Эмгек сиңирген ишмер Сагыналы Субаналиев акыркы сапарга узатылды

689

6-ноябрда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү музыка изилдөөчү Сагыналы Субаналиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев, коомдук жана мамлекеттик ишмер Топчубек Тургуналиев, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов, Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев жана башкалар сөз сүйлөдү.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына келгендер белгилүү музыка изилдөөчү Сагыналы Субаналиевдин өмүр жолу, чыгармачылык ишмердүүлүгү жана адамдык парасаты эскерилип, кийинки муундарга калтырып кеткен илимий эмгектери, кыргыздын салттуу музыка искусствосунун өнүгүшүнө кошкон салымы жалпы коомчулук менен бирге эскерилди.

Эске салсак, белгилүү музыка изилдөөчү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сагыналы Субаналиев 2022-жылдын 4- ноябрь күнү дүйнө салган.

Ал 1948-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Афлатун айылында жарык дүйнөгө келген. Маркумдун сөөгү «Ала- Арча» көрүстөнүнө жерге берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

690