7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мадумаровдун уулу мас абалында унаа айдаганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган

567

2-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту 31 жаштагы Мадумаров Нурмухаммед Адахановичти бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратты.

Маалыматка ылайык, ал мас абалында унаа башкарып, жол эрежесин бузган.

Аламүдүн райондук жол кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан Нурмухаммед Мадумаровго карата протокол түзүлүп, анда ал 29-октябрда мас абалында «Форд Фьюжн» үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткандыгы жазылган.

Жыйынтыгында ал Кылмыш-жаза кодексинин «Айдоочунун транспорт каражатын алкоголдук, баңги каражаттарын, психотроптук жана башка мас кылуучу заттарды мас абалында башкаруусу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Нурмухаммед Мадумаров өзү да күнөөсүн мойнуна алып, сотто кылган ишине өкүнгөн.

 

568