7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Май айында электр энергиясына болгон тариф өзгөрөт

603

Министрлер кабинети май айында электр энергиясына болгон тарифти кайра карап чыгат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Энергетика министрлиги электр энергиясына жаңы тарифтерди сунуштай элек. Болгону аларды киргизүүнүн мөөнөтүнө карата өзгөртүү киргизүүнү сунуштайт. Башкача айтканда, буга чейин июнь айында тарифтерди жөнгө салуу пландалган болсо, эми май айында өзгөртүлөт.

Министрлер кабинети 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттөгү тариф саясатын бекиткен. Ал инфляцияны эске алганда 2025-жылга чейин бардык керектөөчүлөр үчүн каралган.

«Энергетика тармагындагы тартыштыкты жабууга кошумча каражаттарды алуу үчүн долбоор электр энергиясына тарифтерди тактоо мөөнөтүн  1-июндан 1-майга жылдырууну сунуштайт», — деп айтылат негиздемеде.

604