7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК кызматкерине пара сунуштаган эки аткаминер кармалды

406

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин биринчи орун басары жана башкы адиси УКМК кызматкерине пара берүү фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Аталган администрациянын жооптуу кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда өкмөттүн токтому менен бекитилген ченемдик-укуктук актылардын талаптарын сактаган эмес.

Мындан улам, ээлеген кызматынан четтетүүгө алып келиши мүмкүн болгон мыйзам бузууларды жашыруу үчүн УКМК кызматкерине Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Б.Т.А. жана башкы адиси С.Б.А. тарабынан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражат сунушталган.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын натыйжасында УКМК кызматкерине «Mbank» электрондук эсеби аркылуу акча каражатын которуу менен 30 миң сом өлчөмүндө пара берүү фактысы аныкталып, шектүүлөр кармалды жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул кылмышты жасоодо Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башка кызматкерлеринин катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

407