7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майлуу-Суу лампа заводуна мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт

649

Президент Садыр Жапаров шаар түзүүчү ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана жарыктехникалык тармакты андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча тескемеге кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык Министрлер Кабинетине бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылануучу мамлекеттик органдарга, бюджеттик уюмдарга жана мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, атайын эсептери жана фонддорунун каражаттары бар уюмдарга, ошондой эле мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн башка юридикалык жактарга товарларды бир булактан методу менен «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунан түздөн-түз сатып алууларды жүзөгө ашыруу жөнүндө талаптарды белгилөө тапшырылат.

Уставдык капиталындагы мамлекеттик үлүш 50 жана андан ашык пайызды түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, акционердик коомдорго, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдоруна товарларды «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунан сатып алуу сунушталат.

«Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коому өндүргөн товарлардын тизмеги:

—             25, 40, 60, 75, 95, 100, 150 Вт жалпы багыттагы чыңалуу лампалары;

—              200 Вт, 300 Вт жана 500 Вт атайын багыттагы ири габариттүү чыңалуу лампалары;

—              25, 40, 60, 75, 95, 100 Вт декоративдүү тунук колбадагы шамчырактар үчүн чыңалуу лампалары;

—              Шамчырактар, портативдик тигүү машиналары жана ПШ 15 Вт муздаткычтар үчүн чыңалуу лампалары;

—              40, 60, 95, 100 Вт жергиликтүү жарыктандыруу шамчырактары үчүн чыңалуу лампалары;

—              4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 12 Вт (LED) жалпы жарыктандыруу үчүн жарык чыгаруучу диоддору бар лампалар;

—              Чыңалуусу 12, 24 В жана кубаттуулугу 5, 10 жана 21 Вт болгон жол транспорт каражаттары үчүн чыңалуу лампалары (токтоо белгисинин чырактары);

—              Айнек жиптеринен жасалган ровинг;

—              Айнек жиптеринен жасалган фибра.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

650