7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров «Электрисите дэ Франстын» аткаруучу директору Беатрис Бюффонду кабыл алды

375

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-ноябрда,  Франциянын ири мамлекеттик энергетикалык компаниясы  “Электрисите дэ Франстын” аткаруучу директору Беатрис Бюффонду кабыл алды.

Кызматташтыктын келечеги, инвестициялоо, энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы “жашыл экономиканы өнүктүрүү” сыяктуу республика үчүн маанилүү багытта кызматташтыкка кызыгуусу жана ниети үчүн компания өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. 

“Энергетика тармагын ийгиликтүү жана туруктуу өнүктүрүү маселеси өлкө үчүн абдан актуалдуу. Кыргыз Республикасы учурда жаңы өндүрүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатат жана жеке сектордун “жашыл” энергетикага” өтүү боюнча демилгелерин жогору баалайт”, — деди ал.

Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климат түзүлгөнүнө көңүл буруп, Садыр Жапаров кыргыз тарап ата мекендик энергетика тармагына инвесторлорду тартуу үчүн кошумча шарттарды түзүү маселесин карап чыгууга даярдыгын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын франциялык инвесторлор менен активдүү кызматташууга даяр экенин ырастады. 

Беатрис Бюффон жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, учурда дүйнөнүн 30 өлкөсүндө гидроэнергетика тармагында иш алып барган “Электрисите де Франс”  компаниясынын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Ал француз ишканасы Кыргызстандын гидроэнергетика тармагына инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирип, компания өзүнүн тажрыйбасын колдонууга ниеттенип жатканын жана долбоорлорго биргелешип инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин белгиледи.

«Биз узак мөөнөттүү кызматташууга умтулабыз», — деп сөзүн жыйынтыктады  Беатрис Бюффон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

376