7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майлуу-Сууда мурдагы милиция кызматкеринин үйүнөн курал-жарак жана ок-дарылар табылды

145

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында милициянын мурдагы кызматкеринин үйүнөн курал-жарак жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Майлуу-Суу шаарында милициянын запастагы полковниги П.Т.А.нын үйүнөн курал-жарактар жана ок-дарылар табылып алынган: СКС Карабин 7,62 мм калибрдеги 1 бирдик, ТОЗ-8 калибрдеги 5,6 мм 1 бирдик;  12 мм, 16 мм жана 20 мм калибрдеги 3 бирдик өлчөмүндөгү жылмакай курал; 5,45 мм калибрдеги октор 413 даана, 7,62 мм калибрдеги октор 301 даана, 5,6 мм калибрдеги ок 49 даана, 9 мм калибрдеги ок 258 даана, 12 мм калибрдеги ок 6 даана, 20 мм 5 даана.

Жалпысынан беш ок атуучу курал (мыйзамдуу түрдө алынган СКС карабининен тышкары) жана 1032 даана ок-дарылар табылып, алынган. Курал-жарак жана ок-дарылар ал ички иштер органдарында кызмат өтөп жаткан учурда алынган.

Учурда П.T.A. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камалды. Кылмышка тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу, ошондой эле аларды мурда жасалган кылмыштарда колдонуу фактыларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

146