7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майлуу-Суулук делегат: 5-6 жылдан бери акушер-гинеколог жок

539

Экинчи Элдик курултайдын Майлуу-Суу шаарынан келген делегаты Калмурза Токталиев шаардагы экология жана медициналык персоналдын жетишсиздиги көйгөйүн айтты.

«Майлуу-Суу шаарынын калкынын саны бүгүнкү күндө 26 миңди түзөт. Шаар аймагында 23 уран калдыктарын сактоочу жай жана 13 тоо-кен калдыктары жайгашкан. Ошого байланыштуу шаардагы экологиялык абал анча жакшы эмес. Советтер союзу учурунда тургундарга экологиялык кенемте төлөнүп келинген. Экономикалык жактан татаал аймакта жашаган майлуусуулуктарга 20% кошумча төлөм кайтарылып берилүүсүн колдоп берсеңиздер», — деди делегат.

Ошондой эле Токталиев шаарда медициналык кызматкерлер жетишсиз экендигин билдирди.

«Бүгүнкү күндө акушер-гинеколог, педиатор, үй-бүлөлүк дарыгер, хирург, фтизиатр жетишпейт. Негизинен шаарда 5-6 жылдан бери акушер-гинеколог жок», — деп, саламаттык сактоо министрине кайрылып, аталган маселени карап берүүнү өтүндү.

«Шаардагы алыскы ооруканада болгону 4 айым иштейт. Жумасына бир ирет бир дарыгер барат. Айлыктары аз болгондуктан эч ким баргысы келбейт», — деди делегат.

Андан тышкары, делегат Кыпчак-Талаа—Майлуу-Суу унаа жолу асфальтоого муктаж экендигин айтты.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

 

540