7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдөн келген делегат көлдөгү экология жана тыгын маселесин чечүүнү өтүндү

487

Курултайдын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Түп районунан келген делегат Олег Турганбаев көлдүн деңгээли ылдый түшүп кетип, эко баланс, климат бузулуп жаткандыгын айтты.

“Суунун деңгээлин көтөрүш үчүн тез арада Каркыра суусун Түптүн суусуна кошуп, көлгө куюш керек. Ысык-Көл биосфералык аймак болгондон кийин, ошондой макам алгандан кийин Балыкчынын кире беришине курулган эко постту кайрадан иштетүү зарыл. Ысык-Көл үчүн, экология үчүн кирген унаалардан 40 сом болобу же 50 сом болобу алуу керек. Ошол каражатты экологияны жакшыртууга жумшоо зарыл. Ысык-Көлдөгү экология акыбалы өтөт оор. Көлдүн ичи дагы, сырты дагы, жээги дагы экологиялык стандартка туура келбейт. Ошондуктан Кумтөрдөн түшкөн каражаттан эки пайыз бөлүп, максатуу түрдө экологияны жакшыртууга жумшаш керек. Ошондой эле көлдү сактоо комитетин түзүү керек. Андан тышкары, жайкы убакта жол тыгыны маселесин чечүү үчүн Чолпон-Ата шаарында айланма жол курууну сунуштайм. Жолду курууну 2024-жылдын планына киргизүү зарыл. Дагы бир маселе, Каракол шаарында ипподром иштебей турат. Ошону оңдоп-түзөп ишке берсе абдан жакшы болор эле, бул тарыхый ипподром, Кыргызстан боюнча биринчи салынган ипподром”, — деген сунуштарын айтты делегат.

 

 

488