7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майрам күндөрү жол кире акыларын көтөрүүгө жол берилбейт

619

Майрам күндөрү өз алдынча жол кире акыларын көтөрүүгө жол берилбейт. Бул тууралу ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү жаңы жыл майрамынын алдында автобекеттерге барып, Бишкек шаарынан сырткары аймактарга каттаган маршруттук жана жеке таксилердин айдоочуларына майрам күндөрү жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп албоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Эгерде жүргүнчүлөрдү кыйнап, өз алдынча жол кире акыларын көтөрүп алган учурлар аныкталса мыйзамга ылайык тийиштүү чаралар көрүлөрүү эскертилди.

Андан сырткары ЖКККББнын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан жаңы жыл майрамы күндөрү алыскы аймактарга чыгышкан жүргүнчүлөр үчүн, Бишкек-Каракол багытына карата 10 кичи автобус кошумча каттамга киргизилди.

Эгерде майрам күндөрү алыскы аймактарга жолго чыккан жүргүнчүлөрдүн саны көбөйсө дагы кошумча каттам үчүн маршруттук унаалар киргизилет.

620