2024-жылдын 22-декабрынан 28ине чейинки окуялар тууралуу саясат таануучу Бакыт Бакетаев менен маек.
– Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, бул – алыскы стратегиялык максатты көздөгөн иш. Алыскы аралыкка чуркаган күлүктөр – стайерлер – экинчи деми ачылбаса, максатка жете албайт. Бул темир жолдун курулушу Кыргызстандын экинчи демин ача турган долбоор жана аны менен биз узак жолду басып өтө ала турган мамлекетке айланышыбыз мүмкүн. Бул жолдун курулушуна сырттан болгон да каршылык көп жылга уланды жана азыркы кыргыз жетекчилиги татаал сүйлөшүүлөр аркылуу ал маселени чечти.
– 22-декабрда Энергетиктер күнү белгиленди, кыргыз энергетиктери азыр эбегейсиз эмгек кылып жатат. Мисалга, Казакстандын 20 млн калкы үчүн жалпы кубаттуулугу 21 гигаватт энергетика системасы иштейт, Кыргызстандын энергетиктери болсо кубаттуулугу 3 эле гигаватт система менен 7 млн элди тейлеп жатат, муну чоң жетишкендик деп аташ керек. Камбар-Ата-2 ГЭСинин дамбасын болсо биздин энергетиктер бетон-сетон дебей эле, кадимки топурак менен куруп койду, дүйнөдө мындай тажрыйба болгон эмес…
– Акыркы мезгилде коррупцияга каршы күрөш бир топ күч алды, ал өзү өтө татаал иш, анткени коррупция өзүнчө эле оору, аны хирургиялык жол менен кесип салып жок кылса болот, бирок башка да гомеопатия сыяктуу ыкмалар бар. Коррупциялык аракеттерге коомдо таптакыр жол берилбей турган шарт түзүш керек, андай жолдордун бири – баардык иштерди санариптештирип, кимдин болбосун аракеттеринин баары ачык, коомго көрүнүп тургандай кылууга тийиш. Мисалга, блокчейн ыкмасы дагы экономика менен коомду бир топ тазартат эле.
– Нурдан Орунтаевдин эски үйлөрдү бузуп, алардын ордуна заманбап имараттарды тургузуу идеясы жакшы, бирок эмне үчүн «хрущёвкалардан» башташ керек экен? Ошол 4 кабаттуу үйлөрдөн да жаман, ванна менен ысык суусу, дааратканасы же жакшылыктуу короосу жок жер тамдардан турган «Кузнечная крепость», «Заводской посёлок» же «Төкөлдөш» сыяктуу, эч бир баалуулугу жок, Бишкектин так ортосундагы Зардалыдан жаман абалга жеткен аймактар бар эмеспи. Биринчи кезекте ошол жерлердеги ылайга аралашкан үйлөрдүн ордуна заманбап имарат курса жакшы го…
Жуманын негизги окуялары:
– 27-декабрда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды, Жалал-Абаддагы салтанатка кыргыз президенти Садыр Жапаров, Кытайдын Өнүгүү жана реформалар комитетинин төрагасы Чжэн Шаньцзе, өзбек вице-премьери Жамшид Ходжаев жана Кытай темир жол компаниясынын жетекчиси Го Чикцоу катышты.
– Унаа жана байланыш министри Абсаттар Сыргабаев 27-декабрда билдиргенге караганда, быйыл өлкөдө бир миң чакырым жол курулду, анын 800 чакырымына асфальт төшөлдү, 15 көпүрө салынды, Балыкчы-Каракече темир жолунун 35 чакырымы бүттү.
– Президент Жапаров 23-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовго салык саясатын жумшартуу тапшырмасын берди.
– Жазуучу Кеңеш Жусупов менен геолог-профессор Кубат Осмонбетов 23-декабрда Эмгек баатыры болду, ал эми 1938-жылы атууга кеткен Абдыкадыр Орозбековго Кыргыз эл баатыры наамы берилди.
– 26-декабрда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын АКШдагы элчиси кылып Айбек Молдогазиевди дайындады, ал мурда тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.
– Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Бишкек шаардык сотунун төрагасы кылып 27-декабрда Таалайбек Абыкеевди дайындады.
– 24-декабрда Жогорку кеңештин коррупцияга каршы күрөшүү комитети УКМК сунуштаган жаңы мыйзам долбоорун бир отурумда экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Ага ылайык, коррупциядан күнөөлөнүп же кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандарды жазалоо айып пул менен гана чектелбестен, алар эркинен ажыратылууга тийиш.
– Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков 27-декабрда Кылмыш жобосуна өзгөртүү киргизип, шайлоо учурунда добушун саткан шайлоочулар 20 миң сом айып пул төлөп же 120 саатка коомдук иштерге тартылыш керектигин демилгеледи.
– Каржы министрлиги 26-декабрда билдиргенге караганда, үстүбүздөгү жылдын 11 айында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 415 млрд сомго жетти, былтыркы бул көрсөткүч 392 млрд болгон.
– Евразиялык өнүгүү банкынын прогнозуна ылайык, Кыргызстандын экономикасы 2025-жылы 8,7 пайызга өсөт.
– Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков 26-декабрда парламентте билдиргенге караганда, соода тармагындагы патенттер жоюлгандан кийин, соодагерлер төлөгөн салыктын жалпы көлөмү 10 эсеге өстү.
– Каржы министрлигинин билдиргенине караганда, «Гугл» компаниясы аркылуу электрондук тейлөөдөн үстүбүздөгү жылы казынага 705 жарым миллион сом салык түштү.
– Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаев 25-декабрда билдиргенге караганда, кээ бир курулуш компаниялары реновация тууралуу мыйзамдын кабыл алынышын күтпөй эле, эски үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу имараттарды тургуза баштады.
– Депутат Чыңгыз Айдарбеков 26-декабрда – Мамлекеттик ипотекалык компаниядан биринчи кезекте үй ала турган адамдардын социалдык тизмесине үйү бар адамдар кирип калган деп билдирди. Аларга мамлекет жардам көрсөтүп, чыгымдарынын жарымын өзүнө алат.
– 25-декабрда Санкт-Петербургда КМШ жетекчилеринин бейрасмий бийик жолугушуусу, анын эртеси, 26-декабрда, Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин саммити болуп өттү, ага кыргыз президенти Садыр Жапаров дагы катышты. Азербайжандын учагы Казакстандын Актау шаарында кыйраганы менен байланыштуу казак президенти жыйындын аягына чейин катышпай, 25-декабрда учуп кетти, азери президенти келбей да калды.
– 26-декабрда Жогорку кеңеш экинчи жана үчүнчү окууда дин тутуу эркиндиги тууралуу жаңы мыйзамды кабыл алды жана аны президентке кол коюуга жиберди. Мыйзамдагы жаңылыктардын арасында – никаб кийгендерге 20 миң сом айып салуу да беренеси бар.
– Тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев 25-декабрда билдиргенге караганда, өлкөнүн жогорку окуу жайларындагы билим берүү азыр 70-80 пайызга орус тилинде өткөрүлөт.
– Былтыр декабрда тишин дарылатуу учурунда каза болгон 3 жашар кыздын иши менен байланыштуу Октябрь райондук соту доктурду 5 жарым жылга, анестезиологду 6 жылга эркинен ажыратты.
– Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов 26-декабрда билдиргенге караганда, жеке менчик мектептердин кирешесине салынган салыкты жеңилдетилген тартипте төлөө мөөнөтү 2030-жылга чейин узартылды.
– 23-декабрда Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы болуп Жогорку кеңештин мурдагы депутаты Умбеталы Кыдыралиев шайланды.
– Президент Садыр Жапаров 23-декабрда кол койгон жарлыкка ылайык, алтынчы бала төрөгөн энелерге мамлекет тарабынан 800 миң сом, ал эми 10-бала төрөгөндөргө 2 млн сом төлөнөт.
– 26-декабрда Жогорку кеңеш биринчи окууда кабыл алган мыйзамга ылайык Кыргызстанда берилген документтерде атасынын атына «уулу» же «кызы» деген сөз, ал эми чоң атасынын атына «теги» деген мүчө кошуу мүмкүн.
– 24-декабрда белгилүү журналист Эрлан Сатыбеков 58 жашында мээсине кан куюлуп каза болду.