7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күч түзүмдөрүнүн дүйнөсү экранда. УКМКнын колдоосу менен фильм тартылды

459

Кыргызстандын улуттук коопсуздугун чагылдырган жаңы фильм тартылды. «Улуттук коопсуздук» аттуу тасма УКМКнын түздөн-түз колдоосу менен жаралууда. Бул тууралуу тасманын продюсери Бектемир Мамаюсупов 7-каналга билдирди.

Фильм өлкө эгемендүүлүккө жеткен учурдан баштап бүгүнкү күнгө чейинки тарыхый жолду, коомдогу өзгөрүүлөрдү жана кылмыштуулук менен болгон принципиалдуу күрөштү чагылдырат.

Башкы каарман Азат — күч түзүмдөрүндө иштеп жүрүп, өлкө тарыхындагы бурулуш учурлардын күбөсү болот. Сценарийди жана көркөм өнөрдү чеберчилик менен айкалыштырган тасма Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда 4-майдан 30-июнга чейин тартылган. Кинону элге сунуу күз мезгилине пландалууда.

Фильмде белгилүү кыргыз актерлору менен катар жаңы жүздөр да роль жаратты. Бул тасма улуттук коопсуздуктун маңызын элге жакын ыкма менен жеткирүүнү максат кылат.

 

460