7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Макрон Лувр музейинен уурдалган зер буюмдарды кайтарып берүүнү убадалады

215

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Париждеги Лувр музейинен уурдалган баалуу экспонаттар боюнча комментарий берди. Бул тууралуу ал X социалдык тармагына жазганын Lenta.ru маалымдады.

Макрон уурдалган баалуу зер буюмдарды кайтарып берүүгө, ошондой эле күнөөлүүлөрдү жазалоого убада берди. Ал болгон окуяны тарыхый мураска кол салуу деп атады.

«Биз искусство чыгармаларын кайтарып беребиз, ал эми күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат. Бул үчүн Париж прокуратурасынын жетекчилиги астында бардык аракеттер көрүлүүдө», — деп ишендирди ал.

Белгилей кетсек, 19-октябрь күнү эртең менен белгисиз адамдар Луврга киришкен. Алар оңдоо иштери жүрүп жатканынан пайдаланып сары жумушчу жилеттерин кийип, Аполлон галереясына өтүшкөн, ал жерден Наполеондун зер буюмдар коллекциясынан тогуз буюмду уурдап, андан кийин мотороллер менен из жашырып кетишкен.

216