Баткен жана Лейлек райондорундагы жабыркаган билим берүү уюмдарынын абалы менен жеринен таанышкан билим беруу жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, ЖОЖго тапшыруучу бүтүрүүчүлөргө жеңилдик берлээрин кабарлады.
Баткен районундагы Ак-Сай айылынын М. Ходжаев атындагы мектебинде тез арада ремонт иштери башталып, окуу уланат. Ага чейин окуучулар чектеш жайгашкан айылдардагы мектептерге барып турат.
Ал эми Лейлектин Максат айылындагы мектеп, бала бакча толук талкаланып кеткендиктен, кайрадан куруп чыгууга туура келет. Андыктан андагы окуучулар 1-сентябрда мектепке барат.
Эвакуацияланган мекендештер жайгашкан төмөндөгү жайларда жакшы шарт түзүп берүү уланат.
- «Баткен шаарындагы В.И. Ленин атындагы мектебине,
- Баткен облустук гимназия-жатак мектебине,
- Ж. Бөкөнбаев мектеби,
- А. Имаров мектеби,
- Кызыл-Топу мектеби,
- Баткен районундагы №57 кесиптик лицейи,
- Исфана шаарындагы №1 гимназия-жатак мектеби.
Аркадагы жана чек арага чектеш мектептердин материалдык базалары чыңдалат», -деп жазат министр Бейшеналиев өздүк баракчасына.
Ошондой эле жабыркаган мектептерде бүтүрүүчү болгон окуучулар үчүн ЖОЖдорго тапшырууда жеңилдик берүү механизмдерин иштеп чыгаарын убада кылат.