7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Максат Мамытканов: Жүргүзүлүп жаткан реформалардын маңызын калкка жеткирүү керек

135

«Жүргүзүлүп жаткан реформалардын маңызын калкка жеткирүү керек, бул жаңылык өлкөнүн ар бир жаранына кандай таасир этерин билүүгө тийиш», — дейт вице-премьер-министр Максат Мамытканов. Бул тууралуу Максат Мамыткановдун төрагалыгында укук коргоо органдары менен сот-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча жыйынында маалымдалды.


Вице-премьер-министр белгилегендей, сот тутумун реформалоо бир топ убакыттан бери жүрүп келе жаткандыгына карабастан, коомчулук реформалардын максаттары жана милдеттери жөнүндө так түшүнүккө ээ эмес жана калктын бул боюнча маалыматы аз.


«Жүргүзүлүп жаткан реформалардын маңызын калкка жеткирүү керек, өлкөнүн ар бир жараны бул реформалар ага күнүмдүк турмушта кандай таасир этерин билүүгө тийиш», — деди Максат Мамытканов.


Ошондой эле вице-премьер-министр сот системасын реформалоонун алкагында мамлекеттик органдар тарабынан автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды киргизүү жана укук коргоо органдарынын ишине жаңы ыкмаларды киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштардын көлөмү чоң экендигин белгиледи. Ошол эле учурда соттук-укуктук реформаны ишке ашыруудан коомчулуктун үмүтү чоң, буга байланыштуу укук коргоо органдары бул багытта ишти күчөтүшү керектигин кошумчалады.


Андан соң жыйындын күн тартибине ылайык, укук коргоо органдарынын ишиндеги актуалдуу көйгөйлөр жана кемчиликтер, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору талкууланды.


Соңунда вице-премьер-министр мындан аркы иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча, анын ичинде жаңы демилгелерди иштеп чыгуу жана реформалардын алкагында мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды берип, натыйжалуулукка жана өз убагында чечим кабыл алууга өзгөчө көңүл бурду.

«Бардык иш-чаралар өз убагында аякташы керек, ошондой эле соттук-укуктук реформаны ишке ашыруунун алкагында Өкмөт тараптан жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө коомчулукка маалымдоо үчүн маалыматтык аянтчасын түзүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу керек», — деп Максат Мамытканов сөзүн жыйынтыктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

136