Жаш акын Максат Жангазиев Айзаданын кайргашалуу өлүмүнө арнап ыр чыгарды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына бөлүштү.
КОШ, АЙЗАДА…
Кош, Айзада тирүүлөрдүн тобунан…
Кош, Айзада, кеттиң аргаң жогунан…
Балбылдаган бакыт табар чагыңда,
Ажал таптың бир зөөкүрдүн колунан.
Арсыз коомдо алсыздарын кордогон,
Бизге сабак болбойбу деп ойлоном…
Кош, Айзада, ачылбаган он гүлү,
Кош, Айзада, али эне болбогон.