Тоо-кен тармагындагы адис, Макмал кенинде көп жыл иштеген Максат Жээналиев: Макмал кенинде бир кезде айына 100 килограммга жакын алтын өндүрүлчү, кийин ал өндүрүшкө саясат кошулуп кеткендиктен, ар башка иштер болуп, ызы-чуу да чыгып, Макмалды банкрот деп жарыялап жиберген да учурлар болду. 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин абал оңоло баштады, кенди иштетип кетүү мүмкүн, анткени айрым илгерки штольня жана шахталар сакталуу бойдон.
Өзүм болсо 2010-жылы Макмалдан кетип, Сары-Жаз аймагында калай-вольфрам кенин иштетүү аракетиндемин. Ал жерде кен чыккан 3 жер бар, экөөндө калай менен вольфрам биргелешип чыгат, үчүнчүсү – таза вольфрам кени. Металлдын кору миллиондогон тонналап саналат. Эгер иштер ийгиликтүү аягына чыгып, Кыргызстан өзү вольфрам өндүрө баштаса, экономикалык көз карандысыздыкка жакшы кадам болоор эле.