7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Максим Лисицын: Команда позитивдүү жана биз өз мүмкүнчүлүктөрүбүзгө ишенебиз!

539

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын Катар менен беттеш алдында билдирүү жасады.

«Беттешке даярдык биз пландагандай жүрдү. Бир гана нерсе  — командага бир нече оюнчу бир аз кеч кошулуп калды. Бирок бул биздин оюнга таасирин тийгизбейт деп ишенебиз. Катар курама командасынын күчүн жана эл аралык аренадагы жетишкендиктерин жакшы түшүнөбүз. Ошентсе да ар бир оюнда оң натыйжага жетүү үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз. Команда позитивдүү жана биз өз мүмкүнчүлүктөрүбүзгө ишенебиз!», — деген ал.

Эске салсак, «Ак шумкарлар» Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында бүгүн, 10-октябрда Катар менен беттешет.

 

540