7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Максим Лисицын: Мыкты футболчулар менен беттеш күтүүдө. Биздин футболчулар оюнга даяр

366

Эртең Бишкекте футбол боюнча Кыргызстан менен Ирандын беттеши өтөт. Кыргызстандын Футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын оюн алдында кайрылуу жасады. 

«Өзүңүздөр билгендей эле, конокто оор жана ийгиликсиз беттешти өткөрдүк. Ошондуктан биздин негизги милдет балдарды физикалык жактан калыбына келтирүүдөн тышкары, аларды психологиялык жактан кайра шыктандырууга жана эртеңки боло турган өтө оор беттешке даярдоого аракет кылуу. Эртең бизди күчтүү курама команда, мыкты футболчулар менен беттеш күтүүдө. Биздин футболчулар бул тирешүүгө даяр деп ишенем!«,-деди Лисицын.

Ал эми, Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасынын оюнчусу Алимардон Шүкүров «Мурунку беттештен, андагы жеңилүүдөн чыгуу оор болгону түшүнүктүү, бирок бул жашоо жана бул спорт — мындай нерселер болуп турат. Ал эми күйөрмандарыбызды кубантуу үчүн үйдө жакшы ойношубуз керек«,- дейт.

 

367