7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мал уурулук боюнча 3 жигит кармалды

1011

Жумгалда мал уурулук фактылары боюнча шектүүлөрдү кармашты. Бул милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын тургуну 1990-жылы туулган Т.Э. милициясга кайрылып, 22-23-июлга караган түнү короосунан 6 баш кой жок болуп жатканын билдирген.

Аталган факт Жумгал РИИБнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (“Уурдоо”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Жумгал районунун тургундары 2000-жылы туулган А.А, 1999-жылы туулган С.У, 2001-жылы туулган Ж.К.лар кармалып, толугу менен күнөөлөрүн мойнуна алышкан.

Белгилей кетсек, шектүүлөр мындан башка дагы мал уурулук фактыларына катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1012