Кыргызстанда ветеринардык дары-дармектерди көзөмөлдөй турчу электрондук программа иштелип чыкты. Бул тууралуу аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, электрондук программа министрликтин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жана Германиянын эл аралык кызматташуу коому (GIZ) менен биргеликте иштелип чыккан.
«Бул IT продукт инспекторлорго, жеке ветеринарларга жана фермерлерге малдын абалын өз убагында билүүгө жардам берип, кандай ветеринардык препарат сайылганын, электрондук рецепттер аркылуу дары-дармектердин сатылышын жана колдонулушун көзөмөлдөп турат», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бул программа Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда пилоттук негизде сыналганы кошумчаланды.