Бүгүн жыйында Марлен Маматалиев Жогорку Кеңешти “Поле чудес” берүүсүнө салыштырды.
Депутат төрагалык кылуучулардан көтөргөн маселелердин аткарылышын көзөмөлгө алып, сөзсүз аягына жетирүү жагын чечүүнү айтты.
«Акыркы убакта ар кандай маселелерибиз “Поле чудес” берүүсүнө окшоп калды. Баягы эле Ахунжанович (президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов) Якубович сыяктуу. Нарынга, Таласка, Ошко, Көлгө саламыбызды эле айтып калдык. Бирок айтып, көтөрүп жаткан маселелердин аткарылышын суранат элем”,- деди ал.