7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маматов: «Ээлеген кызматымды тапшырып, саясат жолун тандадым»

898

Кыргызстандын футбол союзунун президенти Канатбек Маматов кызматтан кетти. Мындай кадамга анын чоң саясатка аттанганы себеп болгон.

«Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышам деп турам. Эки жолдун бирин тандоого туура келди. Ошондуктан мен ээлеген кызматымды тапшырып, саясат жолун тандадым», — дейт Маматов

Маматов парламентке кайсы партия менен барарын ачык айткан жок.

Маматов 2016-2019-жылдары өлкөнүн Футбол федерациясынын вице-президенти болгон. 2019-жылдын 9-февралында ал Футбол уюмунун президенттигине шайланган.

Эске салсак, Маматов кесипкөй футболчу болгон. Ал «Алай» (Ош), «HAL Бангалор» (Индия), «ITI Бангалор» (Индия) жана ардагерлердин «Топ-Юнайтед», «Абдыш-Ата» клубдарында ойногон.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

899