Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстандын жарандыгын алган адамдар үчүн 60 ID-карт чыгарды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
“106 этникалык кыргыз өлкөнүн жарандыгына кабыл алынган. КРнын мыйзамына ылайык жеңилдетилген тартипте КРнын жараны макамына ээ болушту. 12 жараны КРнын жаранын тастыктаган документин алышты. Алар Афганистан Ислам Республикасынын Памиринен келишкен этникалык кыргыздар. 44 кыргызстандык документтерин жакын арада алышат”, — деп берилет маалыматта.
Мамлекеттик каттоо кызматы өз кезегинде бул категориядагы адамдарды тез арада документтештирип, Кыргызстандын жаранынын өздүгүн тастыктаган паспортторду даярдады.