7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мамлекетке 10 млн сомдон ашык зыян келтирилген». «Кыргызавтожол» ишканасынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери аныкталды

555

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү адистерди тартуу менен текшерүү иштери учурунда, Суусамыр — Талас — Тараз автожолунун айрым участокторунда курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү учурунда,   мамлекетке 10 миллион сомдон ашык келтирилген зыян аныкталды.

Азыркы учурда, бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана бул ишке тийешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

556