7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мокинтош» каймана аты менен белгилүү болгон Камчы Көлбаевдин УКТнун мүчөсү кармалды

486

Алдамчылык фактысы боюнча Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти .

Маалыматка ылайык, 22-августта Ысык-Көл районунун Бостери айылынын аймагынан, криминалдык чөйрөлөрдө «Мокинтош» каймана аты менен белгилүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон, Ысык-Көл районунун Бостери айылын «смотрящийи» аталган Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Мусадаров Майрамбек Мусадарович кармалды.

2020-жылы Мусадаров, Чолпон-Ата шаарынын ипподромунун жанынан жер тилкесин берүү шылтоосу менен ишенимге кирип, КР жаранынан 5000 АКШ доллары өлчөмүндөгү накталай акча каражатын жана «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаасын тартып алган. Бирок, акырында жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин Көлбаевге өткөрүп берген.

Ыкчам-тергөө иш-чаралары көрүлгөндөн кийин М.Мусадаров КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

487