7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мамлекетке 50 миллион сом зыян келтирген». Таласта мамлекеттик кадастрдын кызматкерлери кармалды

452

Талас районунун архитектура, мамлекеттик кадастр, Нуржанов айыл аймагынын кызмат адамдары мамлекетке 50 миллион сом зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Талас районунун архитектурасынын, кадастр мамлекеттик мекемесинин, ошондой эле аталган райондун Нуржанов айыл аймагынын кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп алып, 2011-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде трансформацияланбаган айыл чарбанын 5,5 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилгени аныкталды.
Көрсөтүлгөн жер тилкеси 20 жарандын жеке менчигине өтүп, анын 17си буга чейин турак жайларды куруп алышканы маалым болду.

Адистердин айтымында, ар бир участоктун баасы 1,5 миллион сомго бааланган. Алардын мамлекетке келтирилген жалпы зыянды болжол менен 50 миллион сомго баалоого болот.
Учурда УКМК келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү процессуалдык чараларды көрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

453