7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекетке кайтарылган бала бакчалар оңдоп-түзөөдөн өтөт

268

Мамлекетке кайтарылган бала бакчалар оңдоп-түзөөдөн өтүп, жакында колдонууга берилет.

Убагында мыйзамсыз менчиктештирилип, жеке менчикке өтүп кеткен бир катар бала бакчалар жылдар бою каралбай, ээнсиреген абалда калган. Бирок акыркы кадамдарда мындай жайлар кайрадан мамлекеттин менчигине кайтарылып, тарбия берүү системасына кайрылып келүүдө.

Учурда ушундай тагдырга туш болгон 5 бала бакча мамлекеттин балансына өткөрүлүп, капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталууда. Бул объекттер заманбап стандарттарга ылайыкташтырылып, материалдык-техникалык базасы чыңдалат.

Ремонт иштери аяктагандан кийин, аталган бала бакчалар ушул жылы толук кандуу колдонууга берилет деп күтүлүүдө. Бул — аймактардагы ата-энелер үчүн кошумча орундар ачылып, балдарга ыңгайлуу жана коопсуз шартта билим, тарбия берүү мүмкүнчүлүгү жаратылат дегенди билдирет.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

269