Президенттин иш башкармасына караштуу “Эйр Кей Жи” авиакомпаниясы жоюлду. Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
“Эйр Кей Жи” 2023-жылы Президенттин иш башкармасына өткөнгө чейин, “Манас” эл аралык аэропортуна караштуу болчу.
Туунду компания 2013-жылы сентябрда “Манас” аэропортунун директорлор кеңешинин чечими менен негизделген.