7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик белгиси жок автоунаа башкарган жаран кармалды

564

 

Мамлекеттик белгиси жок автоунаа башкарган жаран кармалды.  Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

«Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери жол эрежелерин сактоо, жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш алып барып жаткан учурда 2021-жылдын 3-март саат 16.00 чамаларында күнү Кадамжай РИИБнүн ЖККККнын кызматкерлери Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында «Мерседес-Бенц Е240» үлгүсүндөгү автоунааны мамлекеттик белгисин өз алдынча чечип алып, башкарып жүргөн жеринен кармаган.
Бул автоунааны башкарып жүргөн Кара-Дөбө айылынын тургуну З.Ага Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 121-беренесинин 4-бөлүгүнүн (Транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) жок башкаруу, ага тете мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин (белгисин) идентификациялоого тоскоолдук жараткан же болбосо анын түрүн өзгөртүүгө же жашырууга мүмкүндүк берген түзүлүштөрдү жана материалдарды колдонуу менен мамлекеттик каттоонун номердик белгилери бар транспорт каражатын башкаруу)негизинде протокол толтуруп, айып короосуна киргизилип, айып пул салынды»-деп жазылат маалыматта.

565