Жарандардын жана юридикалык жактардан таап алынган же мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө акы төлөмө жана акысыз негизинде кабыл алуу жана текшерүү боюнча иштерди жакшыртуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы “Таап алынган же мыйзамсыз сакталган куралды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө акы төлөмө жана бекер негизинде тапшыруунун тартибин бекитүү жөнүндө” №50 токтомун, Кыргыз Республикасынын ИИМнин 2020-жылдын 21-апрелиндеги №294 жана Жалал-Абад ОИИБдин 2020-жылдын 8-майындагы №236 сандуу буйруктарын аткаруунун негизинде төмөнкү тизмени жарыялайбыз.
Куралды жана ок-дарыларды, ага тете жардырма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө тапшыргандыгы үчүн төлөнүүчү сый акынын өлчөмдөрү:
№ Курал-жарактын жана ок-дарылардын аталыштары Бирдикке болгон баасы (сом менен)
- Колго жасалган (жабдыксыз) жана түнкү мээлегичи бар чет элдик өндүрүштөгү гранатомётторду кошкондо автоматтык гранатомёттор — 160002
- Түнкү мээлегичи бар чет элдик өндүрүштөгү пулемётторду кошкондо пулемёттор — 16000
- Түнкү мээлегичи бар чет элдик өндүрүштөгү автоматтарды кошкондо КА, МКА, АКМС, КА-74, АКС-74, АКС-74Уавтоматтардын түрлөрү ж.б.у.с. — 9600
- Снайпердик атуу үчүн ылайыкталган узун сайлуу стволдук куралдардын түрлөрүн кошкондо СВД, СВДС,СВДН согуштук снайпердик (көзгө атаар) мылтыктар — 9600
- Согуштук жана сайлуу аңчылык куралдардан чолок мылтыктарды кошкондо аңчылык карабини — 6400
- Сменалык, салынма стволдук чолок мылтыктарды кошкондо аңчылык сайсыз мылтыктар — 3200
- Колго жасалган атылуучу түзүлүштөр (октор менен атуу үчүн арналган буюмдар) — 1600
- Армиялык жарылма заттар (тротил, гексоген жана алардан жасалган буюмдарды кошкондо башка жарылма заттар) 100 граммына — 1600 сом
- Өндүрүшкө арналган жарылма заттар (аммонит, угленит жана алардын аналогдору) 100 граммына — 840 сом
- Кол граната (машыгууда колдонгондон башка) — 3200
- Атайын багыттагы инженердик ок-дарылар (машыгууда колдонгондон башка) жана сапёрдук миналар — 3200
- Сайлуу куралдарга ок-дарылар (5,45; 7,62 мм жана андан ашык калибрдеги согуштук патрондор жана 7,62 калибрдеги аңчылык патрондор) 1 даанасына — 10 сом
- Сайсыз курал-жарактарга ок-дарылар 1 даанасына — 6 сом
- Газ куралдары, травматикалык аракеттеги октору менен куралдар, өздүк коргонуу куралдары — 3200
- Атылуучу тапанча же револьвер — 6400
- Кара дары (порох) 100 граммына — 100 сом