7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик катчы Нарында “Уңгужолду улайлы” аттуу райондук форумга катышты

13

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Президенттин “Улуттук дем – дүйнѳлүк бийиктик” уңгужолу жѳнүндѳ Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Нарын облусунун Ак-Талаа районунда “Унгужолду улайлы” аталышындагы райондук форумга катышты.

Аталган форум «Ак-Талаа Эл» коому тарабынан Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана райондук администрация менен биргеликте уюштурулган. Иш-чарага 600гө жакын аксакалдар, аялдар жана жаштар кеңештеринин өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Нарын облусунун райондорунун акимдери катышып, учурдагы идеологиялык жагдай тууралуу ойлорун ортого салышты.

Марат Иманкулов өзүнүн кайрылуусунда ааламдашуу, жасалма интеллект, түрдүү кызыкчылыктардын кагылышы сыяктуу чакырыктар күн санап өсүп жаткан шартта өлкө алдында аларга туруштук берүү, түптүү маданиятыбызды, салт-наркыбызды, улуттук баалуулуктарбызды жоготуп албоо, аларды сактоо, өнүктүрүү, кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүү сыяктуу көптөгөн милдеттер турганын баса белгиледи. Ал бул иште аксакалдардын, энелердин, айымдардын жана жаштардын орду өтө чоң экендигин ырастады.

Иш-чаранын жыйынтыгында форумдун катышуучулары ушул өңдүү улуттук жыйындарды туруктуу өткөрүп туруу сунуштарын билдиришип, резолюция кабыл алышты.

14