7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик катчы: Жол коопсуздугун камсыздоо кызматы — коомдун күзгүсү

338

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан тартип жана мыйзамдуулукту сактоого чакырган онлайн кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешмеге Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков, ЖКККББнын жер-жерлердеги бөлүм башчылары жана башкы башкармалыктын жалпы ардагерлери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик катчы сөз сүйлөп, өлкө башчынын коопсуздук багытында жүргүзүп жаткан саясатын, мамлекет тарабынан күч түзүмдөрүнө, укук коргоо органдарына түзүлгөн шарттарды, социалдык коргоолорду жеткирип, жалпы кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгын чыңдоо, намыстуулукту, кайраттуулукту туу тутуу менен берген анттарына бек туруп, өлкөнүн ички коопсуздугуна кошкон салымдарына кенен токтолуп, мындан ары да бул багытта комплекстүү иш-чараларды күчөтүү зарылчылыгын белгиледи.

Ошондой эле Мамлекеттик катчы “Киши өлтүргүч бир адамды өлтүрөт-Коррупция бир өлкөнү өлтүрөөрүн” белгилеп, жалпы өздүк курамды коррупциялык жат көрүнүштөрдөн оолак болууга чакырып, өлкө башчынын “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгынын талаптарын жана жалпы улуттук тилибиздин, үй-бүлөлүк баалуулуктардын сакталышы тууралуу кенен маалымат берди.

 

339