7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр накталай эмес формада төлөнө баштайт

506

Министрлер кабинети жана Улуттук банкы тарабынан бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, QR-кодду, төлөм терминалдарын жана/же башка инструменттерди пайдалануу менен накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Аталган чечим Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө өтүү, санариптик төлөмдөрдү киргизүү, төлөмдөрдү кабыл алуунун башка инструменттерин өнүктүрүү, акча жүгүртүүдө ачык-айкындуулукка жетишүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган чечимдерге ылайык, керектөөчүлөргө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөө негизинде сунуштаган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, QR-кодду, төлөм терминалдарын жана/же башка инструменттерди пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүш) орнотууну камсыздашы тийиш.

Коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, QR-кодду, төлөм терминалдарын жана/же башка инструменттерди пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн каралган жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүш) менен мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди камсыз кылуусу сунушталган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

507