7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик кызматкерлер арасында кичи футбол боюнча мелдеш өтөт

412

Бишкекте мамлекеттик кызматкерлер арасында кичи футбол боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Кичи футбол боюнча турнир КР мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин жана калкты тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитети тарабынан аталган департамент менен биргеликте уюштурулуп, 20-апрелде Бишкек шаарындагы «Динамо» спорт клубунда (велотрек) өтмөкчү.

Мелдеш Кара-Кыргыз Автономдук облусунун түзүлгөндүгүнүн 100-жылдыгын урматына, ошондой эле 1-май — Эмгекчилердин майрамына жана 28-апрель — Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата уюштурулууда.

Турнирге министрликтердин, ведомстволордун, Бишкек шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин командалары катышат. Жеңүүчүчүлөр тиешелүү даражадагы медаль жана кубоктор менен сыйланат.

413