7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жээнбек Кулубаев Монголиянын элчисин кабыл алды

205
Министр Жээнбек Кулубаев Монголиянын Элчиси Содном Ганхуягды кабыл алды.
Бүгүн Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монголиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Содном Ганхуягды анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктые актуалдуу маселелерин талкуулап, 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Монголияга мамлекеттик сапарынын жана 2025-жылы Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы сапарлардын графиги каралды.
Айрыкча биргелешкен өнөр жай долбоорлорун илгерилетүүгө, атап айтканда «Касиет» камвол-ийрүү фабрикасын ишке киргизүү боюнча практикалык кадамдарга көңүл бурулду.
Министр Ж.Кулубаев монгол делегациясын 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндарына катышууга чакырып, Монголиянын көчмөн маданиятын сактоо жана жайылтуудагы маанилүү ролун белгиледи.
Аймактык кызматташтыкты талкуулоонун алкагында тараптар Кыргыз Республикасынын Уюмдагы учурдагы төрагалыгын эске алуу менен Шанхай кызматташтык уюмундагы (ШКУ) өз ара аракеттенүүнү да карап чыгышты.
Өз кезегинде Элчи Содном Ганхуяг жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер мындан ары да бекемделерине ишенимин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында министр Ж.Кулубаев С.Ганхуягдын кыргыз-монгол мамилелерин өнүктүрүүгө, саясий диалогду кеңейтүүгө кошкон жеке салымын жогору баалап, аны Тышкы иштер министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлады жана мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
206