7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик тилди билбеген, жакын тууганынын соттуулугу бар талапкерлер судья боло албайт

624

Мамлекеттик тилди билбеген, жакын тууганынын соттуулугу бар талапкерлер судья боло албайт. Бул багытта Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев тарабынан демилгеленген “КРнын судьяларынын статусу жөнүндө” КРнын Конституциялык мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Эл өкүлү соттордун бардык инстанцияларындагы судьялары кызматка киришерден мурда мамлекеттик тилди билгендиги жөнүндө тийиштүү мамлекеттик орган тарабынан берилген сертификат талап кылуу сунушталууда. Өзгөртүүгө ылайык судья болууну каалагандар В1 деңгээлинен төмөн эмес кыргыз тилин билүүгө тийиш.

Бул маселе биринчиден жакында кабыл алынган мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын аткарылышына, экинчиден, жергиликтүү соттордун судьяларынын сот процессин алып барууда ар бир жарандын конституциялык укуктарын сактоого өбөлгө түзөт.

Элет жериндеги жарандарыбыздын дээрлик көпчүлүгүнө расмий тил жеткиликтүү болбой, сот процессин расмий тилде алып барган судьяларга нараазычылык билдирген учурлар болгон.

Дагы бир сунушталып жаткан толуктоо — судьялардын соттуулугу жөнүндө тактама берүү талап коюлууда. “КРнын судьяларынын статусу жөнүндө” КРнын Конституциялык мыйзамында судьяларга талапкерлерге коюлуучу талаптарда соттуулугу жок же мыйзам чегинде акталгандыгы боюнча ченем жок. Мыйзамда көрсөтүлүүгө тийиш болгон ченемдерди киргизүү менен бирге жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү деп мыйзамдуу тартипте таанылган же болбосо оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондор болсо судьялыкка талапкер боло албайт деген ченем сунуштап жатат.

625