7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэр: «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү – өлкөбүздүн келечегине болгон инвестиция»

155

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чараны Бишкек шаарынын  мэриясы уюштурду.

Мэр Айбек Джунушалиев салтанаттын катышуучуларын майрамы менен куттуктап, кыргыз тилин сактап, өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Кыргыз тили ааламда теңдеши жок “Манас” эпосун түзгөн дүйнөдөгү эң байыркы тилдердин бири. Мамлекеттик тилди колдоо жана өнүктүрүү – өлкөбүздүн келечегине болгон инвестиция»,- дейт Джунушалиев.

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалитеттин түзүмдү жана аймактык башкармалыктарынын кызматкерлерин Ардак грамота жана ыраазычылык баракчалары менен сыйлады. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия да сыйлыктарын тапшырды.

Кыргыз тилин мындан ары өнүктүрүү, жаштар арасында кеңири жайылтуу, көп улуттуу өлкөдө улуттук биримдиктин жана маданий өзгөчөлүктүн символу статусун бекемдөөгө багытталган демилгелер талкууланды.

156