7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик цирк 1 жумада эле 5 млн 370 миң сом пайда тапты

348

Мамлекеттик цирк 1 жумада эле 5 370 000 сом пайда тапты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соц.тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Мамлекеттик цирктин мурдагы абалын жакшы билесиздер, адам киргис абалга жетип калган болчу. Көрүүчүлөргө ыңгайсыз, ичи жагымсыз жытка толгон, жайында ысык, кышында суук. Президент Садыр Жапаров абалын өзү барып көргөндөн кийин, капиталдык ремонттон өткөрүү тапшырмасын Иш башкармалыкка жүктөгөн. Жакында оңдоо жумушу аягына чыгып, өлкө башчысынын катышуусу менен ачылышы болгон.

Шарты түзүлгөндөн кийин келгендердин саны дагы өсүп, ага ылайык кирешеси көбөйүп, 1 аптада эле миллиондорду таба баштады.
1-декабрдан 8-декабрга чейин цирк таза 5 миллион 370 миң сом пайда тапты. Анын ичинен, BMW компаниясы арендага алып 1 млн 360 миң төлөсө, 4 млн. 10 миң сом билетти сатуудан түшкөн. Айдын аягына чейин 13 млн. 312 миң сом пайда түшөрү күтүлүүдө. Мурда киреше эмес, банкроттук абалда эле. Азыр билет сатуулар дагы санариптештирилип, көзөмөлгө алынган»,- деди ал.

349