7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамытов КМШ ПААнын «Парламенттик кызматташтыкты бекемдөө үчүн»  медалы менен сыйланды

658

Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин жыйындарынын алкагында аталган Парламенттер аралык ассамблеянын Кеңешинин Төрайымы, Россия Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытовду КМШ ПААнын «Парламенттик кызматташтыкты бекемдөө үчүн» медалы менен сыйлады. Бул тууралуу Жогорку Кештин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, бул сыйлык парламентаризмди, моделдик жана улуттук мыйзамдарды өнүктүрүүгө, демократияны жана конституциялык түзүлүштү бекемдөөгө, КМШ мамлекеттеринин жарандарынын укугун жана эркиндигин камсыздоого кошкон салымы үчүн КМШга мүчө мамлекеттердин парламент депутаттарына, мамлекеттик-коомдук ишмерлерине жана жарандарына, кызмат адамдарына жана тиешелүү органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле башка эл аралык уюмдарда кызмат кылгандарга тапшырылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

659