7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Манас” аэропорту 18 миң чарчы метрге кеңейүүдө

20

«Манас» эл аралык аэропортуна барчу альтернативдүү жол куруу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев долбоор менен таанышты.

Жеринде транспорт министри Абсаттар Сыргабаев баштаган министрликтин өкүлдөрү алдыда аткарыла турган иштер, долбоордун максаты, техникалык өзгөчөлүктөрү жана ишке ашыруу этаптары боюнча маалымат беришти.

«Төрт тилкелүү жолдун жалпы узундугу 18 чакырымды түзөт. Бишкектин түндүк айланма жолу менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинен баштала турчу жолдо эки деңгээлдүү жол түйүнү, жарыктандыруу, жашылдандыруу каралган. Алдыда изилдөө жана долбоорлоо иштери жүрөт», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Чүй облусундагы Мраморное айылынан Виноградное айылына чейин узундугу 8,7 чакырым эки тилкелүү жол жана көпүрө куруу каралууда.

Белгилей кетсек, аталган долбоор унаа тыгынын азайтууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана инфраструктураны жакшыртууга багытталып, аймактар аралык байланыштарды жеңилдетмекчи.

21